Ыйгарым укуктуу өкүл Тилек Текебаев облустук ишембиликке катышты

0

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Манас шаарындагы фольклордук талаада уюштурулган массалык ишембиликке катышты. Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана облустук мекеме-ишканалардын эмгек жамааттары катышып, тазалоо жумуштарын аткарышууда.

Ишембиликте сөз сүйлөгөн облус башчысы Тилек Текебаев бул иш-чаралар бир күн менен чектелбестен, туруктуу улантылышы зарылдыгын белгилеп, тазалык – ден соолуктун, өнүгүүнүн жана аймактын инвестициялык жана туристтик потенциалынын негизги фактору экенин айтты. Ошондой эле ал ар бир жаранды айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылып, тазалыкты сактоону күнүмдүк адатка айлантууга чакырды.

Белгилей кетсек, бүгүн облус аймагындагы бардык район, шаарларда санитардык тазалоо иштери жүргүзүлүп, көчөлөр, коомдук жайлар жана Ош–Бишкек автоунаа жолунун бойлору тазаланууда. Мындан тышкары, аймактарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу, бак-дарактарды актоо жана айлана-чөйрөнү иретке келтирүү иштери аткарылууда.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген