Облус башчысы Тилек Текебаев Ноокен районундагы көчөт тигүү акциясына катышты

0

Бүнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айыл аймагынын Кең-Сай участогунда өткөн көчөт тигүү акциясына катышты.

Иш-чара президенттин “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында уюштурулуп, айлана-чөйрөнү коргоо, жердин деградациясын азайтуу жана жашыл аянттарды көбөйтүү максатында уюштурулган.

Долбоордун негизинде Кең-Сай участогунан 300 гектар жер бөлүнүп, анын 175 гектары өздөштүрүлүп, 94 аз камсыз болгон үй-бүлөгө берилген. Бул жерлерге акыркы жылдары жалпы 50 миңден ашуун көчөт отургузулган. Учурда калган 125 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулуп, республикалык бюджеттин эсебинен 60 млн сом акча каражаты бөлүнгөн.

Иш-чарада облус башчысы Тилек Текебаев көчөт тигүүнүн маанисин белгилеп, жарандарды айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга чакырды. Ошондой эле отургузулган көчөттөрдү багып-өстүрүү жана аларды сактоо ар бир жарандын жоопкерчилиги экенин белгиледи.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген