ЖАМУнун ишмердүүлүгү менен таанышуу иш сапары өттү
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин демилгеси менен 2025-жылы “Бекмамат Осмонов” атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 6 жаңы факультет ачылып, алардын алкагында 26 адистик түзүлгөн.
Мындан тышкары, саламаттык сактоо тармагындагы медициналык кадрлардын жетишсиздигин азайтуу максатында, университетте алгачкы жолу медицина багыты боюнча 50 бюджеттик квота бөлүнгөн. Учурда бул багытта 43 студент билим алууда.
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Бекбосун Борүбашов аталган окуу жайдын ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты.
Анын алкагында окуу жайда студенттер жана окутуучулар үчүн түзүлгөн шарттарды көрүп чыгышты. Ошондой эле билим берүү процессинде колдонулуп жаткан заманбап технологиялар жана инновациялык ыкмаларга өзгөчө көңүл бурушту.
Таанышуу учурунда университеттин мугалимдери жана студенттери тарабынан иштелип чыккан долбоорлор тааныштырылды. Алардын ичинде жаңы технологиялар, робототехника жана айыл чарба тармагын санариптештирүүгө багытталган иштер өзгөчө кызыгуу жаратты.
Мында облус башчысы Тилек Текебаев студенттердин инновациялык долбоорлорун практикада колдонуу маселесин талкууланып, бул багыттагы ишкердик чөйрөнүн өкүлдөрү менен бирге жолугушууларды уюштуруу зарылдыгын кошумчалады.

