Абсаттар Сыргабаев көк бөрү боюнча “Жаштык” командасынын спортчуларын куттуктады

0

Жалал-Абад облусунун “Жаштык” көк бөрү коммандасы ушул жылдын 13-августунан 20-августуна чейин Чолпон-Ата шаарында өткөн көк бөрү боюнча клубдар арасындагы Дүйнө кубогуна катышкан. Команда финалдык беттеште Орусиядан келген “Красноярск” клубун 7:1 эсебинде женип, биринчи лиганын жеңүүчүсү аталган.

Көкбөрүчүлөрдүн жетишкен ийгилиги менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев куттуктап, дүйнөлүк кубокто облустун намысын коргоп, улуттук оюнду жайылтууга кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдирди. Ага катар акчалай сыйлык жана белектерди тапшырды.

Көк бөрү боюнча клубдар арасындагы Дүйнө кубогу быйыл алгачкы жолу Кыргызстанда өткөрүлдү. Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, АКШ, Түркия, Венгрия, Монголия жана Россиянын командалары катышкан.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген