Президент Садыр Жапаров Жалал-Абадда акын Түмөнбай Байзаков атындагы жаңы борбордук проспектини ачты

0

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы акын, котормочу Түмөнбай Байзаковдун ысымы берилген жаңы борбордук проспектини ачты.

Мамлекет башчы салтанаттуу маанайда чогулгандардын баарын келе жаткан майрам – өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Ал ата-бабаларыбыз кылымдар бою күрөшүп, урпактарына аманат калтырган көз карандысыздыгыбызды жана мамлекеттин бекемдигин сактоону каалады.

“Ала-Тообузга, Ата Мекенибизге байланыштуу ыйык сезимдерибиз керемет ыр саптарына айланган. Мамлекеттик символубуз болгон гимн дагы ак мөңгүлүү аска-зоолуу Ата Мекенибиз менен башталат. Өз кезегинде эл арасында экинчи гимн катары кабыл алынган “Кыргыз жери” ыры да кыргыз жеринин табиятына суктануу сөздөрү менен башталат. Алыста жүрүп, мекенин сагынган мекендештерибиздин жүрөгүндө, мамлекеттик деңгээлде уюштурулган чоң майрамдарда ар дайым ушул ыр саптары жаңырып турат”, – деп баса белгиледи Президент.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген