Жалал-Абадда Эгемендүүлүктүн 32 жылдык майрамы белгиленди
Бүгүн Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдык майрамына карата салтанаттуу иш-чара өттү.
Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.
Ыйгарым укуктуу өкүл жалпы катышуучуларды көз карандысыздык майрамы менен куттуктап, Жалал-Абад облусунун аймактарын өнүктүрүү алкагында аткарылып жаткан жумуштарды белгиледи.
-“Биз 32 жыл мурун мына ушундай баа жеткис жеңишке ээ болгонбуз. Эми ошол колго алган эгемендигибизди бекемдөө, аны урагыс чепке айландыруу ар бир мекенчил кыргызстандыктын башкы милдети экени талашсыз. Акыркы жылдары өлкөбүздөгү буга чейин калыптанып калган башкаруу системасынан чыгып, президентибиздин жетекчилиги астында ири реформалар жүргүзүлүп жатат. Мында облусубуздун өнүгүүсүндөгү конкреттүү жумуштар да арбын”–деди Абсаттар Сыргабаев.
Майрамдык саамалык эгемендикти даңтаган театралдаштырылган көрүнүш, ыр-бийлер менен коштолду.