Жалал-Абадда “Көк-Арт” тоннелин казуу иштерин жүргүзгөн жолчулар сыйланды
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов Кыргызстандагы эң чоң “Көк-Арт” тоннелин казуу иштерин жүргүзгөн “Чайна роуд” компаниясынын жана “Кыргыз жолтранс долборлоо жана изилдѳѳ институтунун” адистери менен жолугушту.
Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары узундугу 3 миң 890 метрди түзгөн “Көк-Арт” тоннелинин казуу иштери аяктап, түндүк жана түштүк жагынан туташтырылышы долбоордогу эң маанилүү окуя экенин белгиледи. Мындагы жумушчулардын тынымсыз аракеттерине ыраазычылык билдирип, ыйгарым укуктуу өкүлдүн Ардак грамоталарын тапшырды.
Жол куруучулар облус башчысынын орун басарына тоннелдин эки тарабы биригип, акыркы урулган асканын таш бөлүкчөлөрүн тапшырды.
Көк-Арт тоннели “Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун Сузак жана Тогуз-Торо райондорун бириктирген 334-338-чакырымдарындагы Казарман – Жалал-Абад жол тилкесинде жайгашкан.
Анын узундугу 3 миң 890 метр, туурасы 10 метр (негизги жол 8,5 метр жана эки тарабында 0,75 метрден кызматтык тротуарлар үчүн каралган), бийиктиги 8,5 метрди түзөт. Алдыдагы убакытта тоннелде бекемдөө иштери улантылат.
Долбоордун баасы 136 миллион АКШ долларын түзөт. Тоннелди толук бүтүрүү 2024-жылдын аягына пландалууда.