Кызыл-Туу айылында 96 үй-бүлө турак жайлуу болду

0

Бүгүн, 14-октябрь күнү, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Орто-Сай айылында 96 үй-бүлөгө ылайыкташтырылган “Үмүт” социалдык шаарчанын курулушу аяктап, пайдаланууга берилди.

Долбоор ыйгарым укуктуу өкүлдүн демилгеси менен “Ас-Сафа Борбору” коомдук бирикмесинин колдоосу астында ишке ашырылды. Ага жергиликтүү бийлик 3 гектар жер аянтын ажыратып берген. Шаарчада тигүү цехи, фельшерлик-акушердик пункту (ФАП), азык-түлүк дүкөнү, мечит жана кичи футбол аянтчалары курулган.

Салтанаттуу ачылышка Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров,”Ас-Сафа Борбору” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү, Кувейт мамлекетинен келген демөөрчүлөр, облус мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков, жергиликтүү бийлик жана айыл тургундары катышты.

Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү район-шаарларда аз камсыз болгон, жашоо шарты оор үй-бүлөлөрдү колдоо максатында эл аралык уюмдар менен тыгыз иш алып барылып жатканын айтып, мында социалдык шаарчаларды курууга өзгөчө көңүл бурулганын белгиледи.

Өкүл турак жайларда жашоо үчүн керектүү болгон бардык шарттар түзүлгөнүн, мындагы жайда тургундар жумуш менен да камсыздалаарын белгиледи. Ага катар эл түйшүгүн жеңилдетүүгө жакындан көмөктөшкөн коомдук бирикмеге ыраазычылык билдирди.

Турак үйлөрдүн жашоочулары социалдык шаарчаны курган демөөрчүлөр тарабынан тандалып алынган. Алар биринчи кезекте көп балалуу жалгыз бой энелерге, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, жашоо шарты оор деп аныкталган үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлгөн.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген